Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 3725-V
Кыргыз Республикасындагы жол кыймылынын коопсуздугунун
абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2013-жылдын 26-сентябрындагы П № 323-V протоколдук
тапшырмасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы жол кыймылынын коопсуздугунун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 26-сентябрындагы П № 323-V протоколдук тапшырмасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Б.Мамытовдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Б.Мамытовдун маалыматы эске алынсын.
2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууну, авариялуулуктун жана жарандардын өлүмүнүн өсүшүнө алып келген автомобиль жолдорунун инфратүзүмүн кармоо боюнча өздөрүнүн тикелей иш-милдеттеринин жана милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кыла албаган башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттерин уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жетишсиз деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылдын жарым жылдыгында:
- жол кыймылынын коопсуздугунун, жана 2014-2020-жылдардын мезгилине өнүгүүнүн транспорттук стратегиясын камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү мамлекеттик программасын иштеп чыксын;
- ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу жана аны Коргоо министрлигинин жана МУКК кызматкерлеринин эмгек акысынын деңгээлине чейин жеткирүү тууралуу маселени чечсин;
- республиканын региондорунда ЖКК кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин зарыл керектүү санга чейин жогорулатуу жана, тийиштүү түрдө, аларды күтүүгө кошумча акча каражаттарын бөлүү, ошондой эле ал кызматтын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу тууралуу маселени карасын (транспорттук чыгымдар, КММ сатып алуу, оңдоо жана башка беренелер боюнча);
- республикадагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол-транспорттук кырсыктарды, аварияларды жана жарандардын өлүмүн төмөндөтүү, бардык министрликтердин жана ведомстволордун тийиштүү деңгээлдеги өз ара аракеттери боюнча маселелерди Өкмөттүн жыйналышында карасын;
- республиканын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына карамакаршы келген айдоочулук курамды жана автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча ИИМдин иш милдеттерин Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагына берүү бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" Өкмөттүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 токтомун кайра карасын; аталган иш-милдеттерди Кыргыз Республикасынын ИИМ карамагына кайрадан берүү жөнүндө маселени карасын;
- 2014-жылы Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын автожолдорунда жана көчөлөрүндө, Бишкек-Каракол автожолунда, республиканын башка региондорунда - 2015-2016-жылдары укук бузуулар боюнча видео байкоо, фото жана видеофиксация программалык комплексин ишке киргизүү боюнча, Кыргыз Республикасынын ИИМ караштуу кылмыштарды (укук бузууларды) электрондук эсепке алуунун жана каттоонун бирдиктүү базасын түзүү боюнча "Коопсуз шаар" программасын жүзөгө ашырууну камсыз кылсын;
- Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэриялары, жергиликтүү бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте көчөлөрдү, шаарларды жана калктуу конуштарды, республикалык маанидеги автожолдорду түнкүсүн жарык кылууну камсыз кылсын;
- коопсуз жол кыймылын алдын-алуу жана эскертүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана телекөрсөтүүнүн (роликтер жана башкалар) мүмкүнчүлүгүн пайдалансын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ИИМ жол кыймылынын эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн айыппул түрүндө администрациялык өндүрүп алуунун өлчөмүн көбөйтүүнү караган мыйзам актысынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жол кыймылынын коопсуздугунун абалын жакшыртууга багытталган төмөндөгүдөй маселелерди карасын (2014-жылдын II кварталы):
- автомобиль огуна салыштырмалуу рулдук дөңгөлөгү оң тарапта жайгашкан транспорттук каражаттарды республиканын аймагына алып келүүгө, аларды пайдаланууга жана акы төлөө менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө; өткөрүлүүчү иш чаралар тууралуу коомчулукка жана республиканын калкына өз учурунда маалымдоо тууралуу;
- транспорт каражаттарын, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө;
- экзамендерге өз алдынча даярданган адамдарга транспорттук каражатты башкарууга айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамендерди берүүгө уруксат берген нормаларды жокко чыгаруу жөнүндө;
- жол жана курулуш долбоорлорун түзүүдө жана бекитүүдө аларды ИИМ менен милдеттүү түрдө макулдашууну жүргүзүү жана аларда автотранспорт каражаттары үчүн токтоп туруучу жана токтотмо жайларын кароо жөнүндө;
- жалпы билим берүүчү окуу жайларынын башталгыч жана орто класстарында Жол кыймылынын эрежелерин милдеттүү түрдө бирдиктүү окутуу жөнүндө;
- транспортту башкаруунун теориялык жана практикалык көндүмдөрүн жана Жол кыймылынын эрежелерин адамдарга окутуу үчүн окутуу автомектептерине лицензияларды берүүнүн тартибин жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө (керектүү окутуу транспортторунда толук материалдык жана техникалык базалардын милдеттүү түрдө болушу ж.б.);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ИИМ Жолкөзөмөл кызматы жөнүндө Жобонун 21-беренесине ЖККнын катардагы курамына (ЖКК инспекторлугуна) кызматка орто кесиптик билими барларды ишке алууну караган өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө;
- категориялары, тажрыйбалары жана иштөө стаждары, лицензиялары жок айдоочулардын, ошондой эле техникалык кароодон өтпөгөн транспорттордун линияга чыгуусун болтурбоо максатында шаардык жана шаар аралык трассаларда авто ташуулар үчүн пайдаланылуучу жеңил машиналардын - таксилердин жана автомашиналардын - бустардын боелушунун өңүнүн бирдей тартибин камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ИИМ квартал сайын (2014-жылдын 1-апрелине жана 25-июнуна) ушул токтомдун аткарылышын жүрүшү жөнүндө Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине маалымат берсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине (К.С.Бокоев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|