Загрузка документа…
| 1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 16, 2014-жылдын 24-ноябры № 673 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы (мындан ары - ЖКК) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет жана коомдук тартипти сактоону, жол кыймылынын коопсуздугун, коомдук жерлерде, көчөлөрдө, транспортто кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыздоо жаатында атайын инспекциялык, контролдоочу, көзөмөлдөөчү жана уруксат берүүчү функцияларды аткарат. ЖККнын жогору турган бөлүмдөрү төмөн турган бөлүмдөрдүн иштерин жетектөөнү ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 16 токтомунун редакциясына ылайык)
2. ЖКК менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, башка уюмдардын, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын (мындан ары - жарандар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, коомдук тартипти сактоону, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларын, техникалык регламенттерин (мындан ары - ченемдик укуктук актылар) сакташын, жарандардын өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн коргоо, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо максатында жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо жана алардын кесепеттерин азайтуу боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүн камсыздайт.
3. ЖКК, анын аймактык башкармалыктары жана бөлүмдөрү юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, Казыначылык системасында бюджеттик жана атайын эсептери болот.
4. ЖККнын имараты, курулмалары, жабдуулары, инвентарлары, башка материалдык баалуулуктары жана каражаттары, ошондой эле анын аймактык жана адистештирилген башкармалыктары жана бөлүмдөрү мамлекеттик менчик болуп саналат.
5. ЖКК, анын аймактык башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн менчигинде, оперативдүү башкаруусунда бөлөк мүлкү болушу мүмкүн жана ал мүлккө өзүнүн милдеттенмелери боюнча жооп берет, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алат жана ишке ашырат, милдетин аткарат.
6. ЖКК жана анын аймактык бөлүмчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ченем боюнча материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылынат.
7. ЖКК республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен кармалат. ЖКК Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бюджетинин кирешелерин жана чыгашаларын классификациялоонун негизинде каржыланат, Казыначылыктын региондук бөлүмүндө өз алдынча балансы, бюджеттик жана атайын эсептери болот.
ЖКК өз алдынча финансылык-чарбалык жана келишимдик иштерди белгиленген тартипте чечет.
ЖКК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто доочу жана жоопкер боло алат.
8. ЖККнын иши мыйзамдуулуктун, ачык-айкындыктын, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоонун принциптерине негизденет.
9. ЖКК өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык ишке ашырат.
10. ЖКК өз ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын башка бөлүмдөрү, мамлекеттик бийлик органдары, юридикалык жактар жана башка уюмдар, жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара байланышта жүргүзөт, ошондой эле чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен белгиленген тартипте кызматташат.
11. ЖКК өз ишин аткаруу үчүн атайын продукцияны жасоо боюнча, ошондой эле ЖККнын ишинде пайдаланылчу оперативдик-техникалык каражаттарды даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлгөн мамлекеттик заказчынын функцияларын белгиленген тартипте өз компетенциясынын чегинде аткарууга укуктуу.
12. ЖККга төмөнкү милдеттер жүктөлөт:
а) Кыргыз Республикасынын коомдук тартипти сактоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жагындагы мыйзамдарынын, ченемдик актыларынын сакталышына мамлекеттик инспектирлөөнү жана контролду ишке ашыруу, алар төмөнкү талаптарды белгилешет:
- жарандардын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка укукка каршы кол салуулардан коргоо жөнүндө;
- көчөлөрдө, аянттарда, транспорттук магистралдарда, вокзалдарда, парктарда, автожолдордо жана башка коомдук жерлерде укуктук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга;
- кылмыштуулукка жана укук бузууларга токтоосуз чара көрүүгө, ошондой эле кылмыштарга жана укук бузууларга бөгөт коюу, кылмыштарды жана укук бузууларды жасагандыгына шектелген адамдарды кармоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
- алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү жолу менен бекитилген аймактарда укуктук тартипти коргоону камсыз кылууга, кылмыштарды жана администрациялык укук бузууларды токтотууга, аларды жасоого түрткү берген кырдаалдарды табууга;
- табигый кырсыктар, өзгөчө кырдаалдар жана катастрофалар болгон учурда жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоого багытталган токтоосуз чараларды көрүүгө;
- жол-транспорттук кырсыктардын кесепетинен бузулган авариялык абалдагы автомобилдерди оңдоо-калыбына келтирүү жана сырдоо жумуштарын жасоочу юридикалык жактардын жана жеке адамдардын иштерине ЖКК органдары тарабынан тийиштүү контроль жүргүзүлүшүнө;
- жолдорду, жол курулуштарын, темир жол өткөөлдөрүн, шаардык электр транспорттун линияларын долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого;
- автомобиль жолдорунун, жол курулуштарынын, темир жол өткөөлдөрүнүн эксплуатациялык абалына жана ремонтуна, ошондой эле жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарынын орнотулушуна жана эксплуатацияланышына;
- эксплуатациядагы автомототранспорт каражаттардын, алардын чиркегичтеринин жана кошумча жабдуу предметтеринин конструкциясына жана техникалык абалына;
- Кыргыз Республикасында катталган автомототранспорт каражаттардын жана алардын чиркегичтеринин конструкциясынын өзгөртүлүшүнө;
- ЖККнын компетенциясынын чегинде жүргүнчүлөрдүн, балдардын, оор салмактуу, кооптуу жана чоң габариттүү жүктөрдүн ташылышына;
- мамлекеттик күзөттүн объекттери бараткан кортеждерди коштоо жана атайын багыттагы автомобилдерди, айрым автомобилдерди жана автотранспорт колонналарын кайтаруу мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга.
б) автомототранспорттук каражаттар жана айдоочулук курам боюнча информациялык маалыматтар банктарын (базасын) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен макулдашуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте түзүүгө, иштешин камсыздоого. Мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана жарандарга анда болгон маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө.
в) автомототранспорттук каражаттарды жана чиркегичтерди мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте мамлекеттик техникалык кароону уюштурууга жана өткөрүүгө;
г) жөнгө салуу, анын ичинде техникалык каражаттарды жана автоматташтырылган системаларды пайдалануу менен авариялык-куткаруучу иштер жана массалык иш-чаралар өткөрүлгөн жерлерде транспорт каражаттарынын жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын уюштурууну камсыздоого;
д) коомдук тартипти коргоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларга катышууга;
е) айдап качылган жана уурдалган автомототранспорт каражаттарды, ошондой эле жол жол-транспорт кырсыктары болгон жерден качып кеткен айдоочуларды жана автомототранспорт каражаттарын издөө боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аныктоочу тартипте уюштурууга жана жүргүзүүгө;
ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер, анын ичинде жазып белгилеген автоматтык режимде иштеген фото- жана кинотартуу, видеожазуу функциялары бар сертификацияланган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар боюнча өндүрүштү ишке ашырууга;
з) жол-транспорт кырсык фактыларын жазып белгилөөгө. Жол-транспорт кырсыгы болгон жерде кечиктирилгис иштерди жүргүзүү, анын ичинде: кырсык болгон жердин абалын кайтаруу жана сактоо; адамдарды эвакуациялоо жана аларга врачка чейинки медициналык жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүү, ошондой эле зыянга учураган транспорт каражаттарды ташууга жана кароосуз калган мүлктү кайтарууга жардам көрсөтүүгө;
и) жол кыймылынын коопсуздугуна каршы кылмыштар жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого байланышкан кылмыштар жөнүндө иштер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алгачкы тергөө жүргүзүүгө;
к) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте жол кыймылынын коопсуздугунун абалынын көрсөткүчтөрүн мамлекеттик эсепке алууга;
л) жол кыймылынын шарттарын изилдөөгө, транспорт каражаттарынын жана жөө жүрүүчүлөрдүн жүрүшүн уюштурууну өркүндөтүү боюнча чараларды көрүүгө, шаарларда жана автомобиль жолдорунда жол кыймылын уюштуруунун долбоорлорун, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча адистерди даярдоонун жана кайра даярдоонун программаларын белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашууга;
м) белгиленген тартипте транспорт каражаттарын коштоого;
н) шаар куруу жана техникалык кеңештердин, жолдорду, жол курулуштарын, темир жол өткөөлдөрүн, шаардагы электр транспорттун линияларын эксплуатацияга кабыл алуу боюнча комиссиялардын иштерине катышууга, коомдук транспорттун үзгүлтүксүз кыймылынын маршруттарын ачууга арыздарды кароого жана тийиштүү корутундуларды берүүгө;
о) жалпыга маалымдоо каражаттарын, ошондой эле өздүк басылмаларды пайдаланып, кароолорду, конкурстарды, мелдештерди өткөрүү жолу менен жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарына маалымдоого;
п) жарандарды жолдордо коопсуз жүрүүнүн эрежелерине окутууну уюштурууга, жол кыймылынын эрежелерин пропагандалоого көмөк көрсөтүүгө;
р) жол кыймылынын коопсуздугун арттыруу боюнча сунуштарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин кызыкдар органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар жана жарандар менен бирдикте иштеп чыгууга;
с) жол-транспорт кырсыктарынын болушуна, Жол кыймылынын эрежелери бузулушуна, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирген башка укукка каршы аракеттердин болушуна шарт түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоого, аларды жоюу боюнча чараларды көрүүгө;
т) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте автотранспорт каражаттарды атайын жарык жана үн сигналдары, шарттуу таануу белгилери менен жабдууга уруксаттарды берүүгө.
13. ЖКК өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
а) мамлекеттик бийлик органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан жана кызмат адамдарынан, жарандардан аларда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аларды бузгандык фактылары боюнча түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
б) кызмат адамдарына коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бузулушун жоюу жөнүндө аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүүгө, ал эми андай көрсөтмөлөр боюнча тийиштүү чара көрүлбөгөн учурда күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартууга. Көрсөтмөлөрдү ЖККнын кызматкерлери өздөрүнүн компетенцияларына жараша жазуу жүзүндө, көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берүүнүн мөөнөттөрүн көрсөтүү менен беришет;
в) коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жагындагы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун түзүүгө катышууга, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
г) тийиштүү уюмдарга жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын орнотууга жана алууга көрсөтмө же уруксат берүүгө;
д) мамлекеттик күзөт объекттеринин, Кыргыз Республикасына визит менен келген расмий эл аралык, өкмөттөр аралык жана чет мамлекеттердин өкмөттүк делегацияларынын коопсуз жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда, массалык иш-чараларды өткөрүүдө, өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктар болгон учурларда жол кыймылын убактылуу чектөөгө же токтотууга, айрым участоктордо жана көчөлөрдө аны уюштурууну өзгөртүүгө. Транспорт каражаттарынын жана жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуз жүрүшүнө зарыл шарт түзүү максатында же эгер транспорт каражаттарды пайдалануу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирсе, ошондой эле коопсуз абалда кармоонун эрежелерине жооп бербеген темир жол өткөөлдөрүндө анын уюштурулушун өзгөртүүгө, жолдордо жана көчөлөрдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жаткан оңдоо-куруу жумуштарын жүргүзүүнү чектөөгө же тыюу салууга;
е) коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптары аткарылбаган учурларда ири габариттүү, оор салмактуу же опурталдуу жүктөрдү ташууга, ошондой эле белгиленген маршрутта коомдук транспорттун жүрүшүнө тыюу салууга;
ж) бузуктар жана тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү шарттар болгон учурларда автомототранспорт каражаттарды жана алардын чиркегичтерин, тракторлорду жана башка өзү жүрүүчү машиналарды эксплуатациялоого тыюу салууга, ал эми техникалык эксплуатациянын тийиштүү эрежелеринде каралган бузуктары болсо - троллейбустарды, ага тете эле мамлекеттик техникалык кароодон өтпөгөн, түйүндөрүндө жана агрегаттарында көмүскө, жасалма, өзгөртүлгөн номерлери же мамлекеттик каттоо номердик белгилери бар транспорт каражаттарды, ошондой эле транспорт каражаттардын маркировкасы каттоо документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтарга туура келбеген транспорт каражаттарды эксплуатациялоого тыюу салууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, - мамлекеттик каттоо белгилерин андай тыюу салууга негиз болгон себептерди жойгонго чейин чыгарып алуу менен тыюу салууга;
з) автомототранспорттук каражаттар жана айдоочулук курам боюнча информациялык маалыматтар банкын (базасын) түзүүгө жана ишин камсыздоого. Мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана жарандарга анда болгон маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибинде берүүгө;
и) мыйзамда белгиленген тартипте транспорт каражаттарды токтотууга жана аларды пайдалануу жана башкаруу укугуна документтерди, ошондой эле транспорт каражатка жана ташып бараткан жүккө документтерди текшерүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ал документтерди алып коюуга;
к) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Алкоголь, баңги каражаттардан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык текшерүүгө жарандарды жиберүү тартиби жөнүндө жобого ылайык мас абалда деп эсептөөгө жетиштүү негиздери бар адамдарды, ага тете эле транспорт каражатты башкаруу же пайдалануу укугуна документтери жок адамдарды транспорт каражатты башкаруудан четтетүүгө;
л) кылмыш кылган жана укук бузган деп шектелген мас адамдын абалын аныктоо үчүн, ошондой эле мас абалында транспорт каражатын айдаган жана жол кыймылы жаатында алар мас абалында болгон деп эсептөөгө жетиштүү негиздер бар адамдарга карата администрациялык укук бузууларды жасаган деп шектелген адамдарды өзүнүн компетенциясынын чегинде медициналык текшерүүгө жиберүүгө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишти калыс кароо үчүн алар кылмыш жана укук бузууларды жасаган деп шектелген мас абалындагы адамдын абалын медициналык текшерүүгө жиберүүгө же жеткирүүгө;
м) Жол кыймылынын эрежелеринин бузулушун аныктоо жана фиксациялоо, транспорт каражаттардын жана жолдордун техникалык абалын контролдоо, транспорт каражаттарды мажбурлап токтотуу үчүн атайын техникалык жана транспорттук каражаттардын белгиленген тартипте пайдаланууга;
н) администрациялык укук бузууларды жасаган жарандарды жана кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кармоого жана тинтип кароого, транспорт каражаттарды жана жүктөрдү айдоочуларынын же жүктү коштоп жүргөн адамдардын катышуусу менен кароого, алар мыйзамга каршы максатта пайдаланылды деген шек туулганда транспорт каражаттарды текшерип кароого;
о) өндүрүштө турган иштер жана материалдар боюнча жарандарды жана кызмат адамдарын ЖККнын бөлүмдөрүнө чакырууга, алардан керектүү түшүндүрмөлөрдү, маалымкаттарды, документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) алууга;
п) администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө, администрациялык укук бузган кызмат адамдарына жана жарандарга өз компетенциясынын чегинде администрациялык жаза колдонууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларды колдонууга;
р) тез медициналык жардамга муктаж адамдарды дарылоо мекемелерине жеткирүү үчүн, аварияларда зыянга учураган транспорт каражаттарды жеткирүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана жарандардын транспорт каражаттарын ээсинин макулдугу менен пайдаланууга, буга чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук жана башка өкүлчүлүктөрүнө, эл аралык уюмдарга таандык, ошондой эле атайын арналыштагы транспорт каражаттары кирбейт;
с) юридикалык жактарга жана жарандарга таандык байланыш каражаттарын менчик ээсинин макулдугу менен кызматтык максатта пайдаланууга;
т) жол кыймылынын эрежелери сакталышын контролдоонун техникалык каражаттарын, жол-транспорт кырсыгы болгон жерде анын кесепетин жеңилдетүү максатында колдонулчу авариялык-сактоочу жабдууларды, ошондой эле коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун арттырууга көмөктөшүүчү башка техникалык каражаттарды, автоматташтырылган системаларды жана приборлорду иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлүүчү мамлекеттик заказчынын функцияларын белгиленген тартипте аткарууга;
у) кызыкдар уюмдар жана мекемелер менен бирдикте коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу темаларын жана багыттарын аныктоого катышууга, аларды белгиленген тартипте ишке ашырууга, ошондой эле ЖККнын практикалык ишине илимий иштеп чыгууларды киргизүүгө катышууга;
ф) коомдук коопсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугу маселелери боюнча эл аралык уюмдардын иштерине белгиленген тартипте катышууга. Кызыкдар уюмдар жана мекемелер менен бирдикте Кыргыз Республикасынын бул тармактагы эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоочу иш-чараларды даярдоого жана ишке ашырууга;
х) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын кармоого жана кармоонун себептери жоюлганга чейин аларды атайын бөлүнгөн жерлерге коюуга;
ч) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шаардык жана айылдык калктуу конуштардагы көчөлөрдө, ал эми алардын чегинен сыртта - автомобиль жолдордун атайын бөлүнгөн тилкесинде жана жол боюндагы зонасында тышкы жарнакты жайгаштырууга уруксаттарын өз компетенциясынын чегинде макулдашууга;
ш) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык издөөдөгү транспорт каражаттарды кармоого;
щ) күзөт транспортуна күзөт кылуу жолу менен жарандардын көчөлөрдө, аянттарда, автожолдордо жана башка коомдук жерлерде бекитилген маршрутта (участкада) укуктук тартипти сактоосун камсыз кылууга;
ы) кылмышты жана администрациялык укук бузууларды алдын ала сактоого жана бөгөт коюуга. Агрессивдүүлүк көрсөткөн адамдарга карата өз учурунда чара көрүү жолу менен жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга;
э) кылмыштардан, администрациялык укук бузуулардан, бөөдө кырсыктардан, жол-транспорт кырсыктарынан, өзгөчө кырдаалдардан ж.б. жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүүгө;
ю) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык кармоону жана жарандарды жеке кармоону, транспорт каражаттарын кароону ишке ашырууга.
14. ЖККнын системасын ЖККнын башкаруу органдары жана бөлүмдөрү түзөт, аларга төмөнкүлөр: башкармалык, борбордук аппараттын бөлүмдөрү; ЖККнын илимий-изилдөө, аймактык, саптык жана адистештирилген бөлүмдөрү кирет. Аймактык бөлүмдөр башкармалыктардан, бөлүмдөрдөн, бөлүмчөлөрдөн, топтордон жана саптык бөлүмдөрдөн турат. Саптык бөлүмдөр взводдон, ротадан, батальондордон, полктордон турат.
15. ЖККнын аймактык, саптык жана адистештирилген бөлүмдөрүнө жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу ЖККнын начальниги ишке ашырат. ЖККнын аймактык, саптык жана адистештирилген бөлүмдөрүнө тикелей жетекчиликти ички иштер органдарынын аймактык начальниктери ишке ашырышат.
16. ЖККнын борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, ошондой эле ЖККнын адистештирилген жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жалпы санынын чегинде ЖККнын начальнигинин жана тиешелүү түрдө ички иштер органдарынын аймактык башкармалыктарынын начальниктеринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан аныкталат.
17. ЖККнын борбордук аппаратынын кызматкерлери ЖККнын начальнигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
ЖККнын башкармалыктарынын начальниктери жана начальниктеринин орун басарлары, аймактык бөлүмдөрүнүн начальниктери тиешелүү аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин сунушу, ЖККнын начальнигинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
18. Ушул Жобонун 17 жана 19-пункттарында аталган кызматтардан тышкары ЖККнын кызматкерлери тийиштүү башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн начальниктеринин сунуштарынын негизинде ЖККнын начальниги тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
19. Ушул Жобонун 17-пунктунда аталган кызматтарды кошпогондо ЖККнын аймактык бөлүмдөрүнүн офицердик курамы ЖККнын аймактык бөлүмдөрүнүн начальниктеринин сунушу боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилери тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
Кенже башкаруучу курамдын кызматкерлери кадрдык аппараты бар жерлерде ЖККнын тиешелүү аймактык башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн начальниктери, ал жок болгон учурда ички иштер органдарынын тиешелүү аймактык башкармалыктарынын жетекчилери тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
20. ЖККнын жеке курамы тиешелүү начальниктин буйругунун негизинде массалык баш-аламандыктар, өзгөчө кырдаалдар жана бөөдө кырсыктар болгон учурда ушул Жобонун талаптарында каралбаган башка милдеттерге жана ишке тартылышы мүмкүн.
21. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 673 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
22. ЖККнын ишин көзөмөлдөө жана контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
23. ЖККны материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.