КР Жогорку Кеңешинин
2009-жылдын 10-апрелиндеги № 1108-IV токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 14-февралы № 167-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат
боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин бешинчи бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бир жылдык мөөнөткө дайындалсын:
депутат Мария Насирдиновна Исанова - Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин төрагасынын орун басарлыгына;
депутат Бактыбек Тыбынович Иманалиев - Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлүгүнө.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы М.А.Султановдун 2007-жылдын 14-июнундагы № 200-ЛС "А.А.Шадиев жөнүндө" тескемеси жокко чыгарылсын.
Төрага | А.Мадумаров |