КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 15-февралы № 181-IV
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз
Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2007-жылдын 23-мартында кабыл алынган "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин.
Төрага | А.Мадумаров |