Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 6-марты № 229-IV
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө"
(Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана
"Талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар
өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 21-октябрындагы № 488 токтом) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Мадумаров
|