Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 7-марты № 245-IV
"Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу",
"Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүү киргизүү тууралу", "Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо киргизүү тууралу", "Кыргыз Республикасынын
Граждандык кодексинин I жана II бөлүктөрүнө толуктоолор
киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоо киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы
оюн-зоок иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу", "Кыймылсыз мүлккө
укуктарды жана алар менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик
каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо
киргизүү тууралу", "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну
уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо
киргизүү тууралу", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу",
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр
жана толуктоо киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор
киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 10-январындагы № 5 токтом), террорчулукту каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча бүтүндөй укуктук механизмди түзүүнүн зарылдыгын жана "Террорчулукту каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу мыйзам актыларынын карама-каршылыктарынан качууну караган "Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу", "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу", "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I жана II бөлүктөрүнө толуктоолор киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу", "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу", "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору боюнча парламенттик угуу өткөрүү жана аларды парламенттик угуунун сунуштамаларын, ошондой эле депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитетине (А.А.Шадиев), Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитети (Л.Ч.Сыдыкова) менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетине (З.К.Курманов) тапшырылсын.
Төрага | А.Мадумаров
|