КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 17-апрели № 329-IV
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.К.Курманов жана И.А.Масалиев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитети (З.К.Курманов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Мадумаров
|