Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 18-апрели № 340-IV
1916-жылдын кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн
курмандыктарын эскерүү Күнүн белгилөө жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1963-VI токтомунун редакциясына ылайык)
1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн карата акыйкаттыкты калыбына келтирүү, Элде ата-бабалардын элестерин урматтоо жана сыйлоо сезиминде тарбиялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1963-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- окумуштуу-тарыхчылардын, археологдордун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин адистеринин курамында атайын түзүлгөн эксперттердин тобунун сунуштарынын негизинде Боом капчыгайында 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарына арналып орнотулган эстеликтин базасында маданий-этнографиялык борбор (3 га) түзсүн;
- Улуттук илимдер академиясынын тарых Институту менен биргелешип 1916-жылдын окуялары боюнча архивдик материалдарды изилдөө үчүн окумуштуулардын тобун түзсүн жана алардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча 1916-жылдын кыргыз элинин улуттук көтөрүлүш күнүнүн 95 жылдыгына карата академик В.Плоскихтин, мүчө-корреспондент Ж.Жунушалиевдин, мүчө-корреспондент О.Осмоновдун, тарых илимдеринин доктору Д.Нур уулунун, тарых илимдеринин доктору У.Чотоновдун, тарых илимдеринин доктору А.Жуманалиевдин, тарых илимдеринин кандидаты А.Беделбаевдин жана жазуучу Б.Максутовдун кыргыз жана орус тилдериндеги тиешелүү окуу китептери менен китептери бастырып чыгарсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн окумуштуулар тобунун курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Акунов жана З.К.Курманов киргизилсин;
- ушул токтомдун аткарылышы боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эки айлык мөөнөттө киргизсин.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынгандан күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Мадумаров
|