Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-ноябры № 1963-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө" № 231 Жарлыгы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө" № 231 Жарлыгын көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 7 жана 8-ноябрды жыл сайын белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу колдоого алынсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы "Кыргыз Республикасында Саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө" № 74-IV токтому;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги "1916-жылдын кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү Күнүн белгилөө жөнүндө" № 340-IV токтомунун 1-пункту.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |