Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 25-апрели № 365-IV
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын
сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
аткарылышы тууралу Кыргыз Республикасынын
вице-премьер-министри Д.Нур уулунун маалыматы жөнүндө
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.Нур уулунун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.Нур уулунун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү аткаруу боюнча зарыл чаралардын комплексин кабыл алуу;
- балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында "Ишкердиктин субъекттерин текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, жалпы билим берүүчү уюмдарда жана дарылоо-алдын алуу мекемелеринде балдардын тамактануусун жүзөгө ашырып жаткан ишкердиктин субъекттерин пландуу текшерүүлөрдүн өзгөчө тартибин белгилөөчү түзөтүүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү;
- 2008-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу;
- Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик кепилдиктеринин программасына ылайык кант диабети менен ооругандарды кантты азайтуучу дары-дармектер (инсулиндер) менен акысыз камсыз кылуу;
- өзгөчө республиканын түштүк областтарында кургак учук жана СПИД боюнча эпидемиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча зарыл чараларды көрүү;
- кургак учукка жана СПИДге каршы күрөшүү боюнча кызматтарды медицина кадрлары менен чыңдоо, көрсөтүлгөн кызматтарды жетиштүү каржылоо, калкты кургак учукка диагноз коюу, флюорографиялык текшерүү менен толук камтуу, кургак учук менен ооругандардын тамак-ашына жана дары-дармектер менен дарылоого суткалык ченемдерди өз убагында төлөп берүү боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу;
- өзгөчө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан кургак учук менен ооругандарды кургак учукка каршы мекемелерге акысыз баруусуна төлөп берүүлөр, кургак учук менен ооруган адамдарды тапкан учурлар үчүн медицина кызматкерлерин сыйлоо, кургак учук менен ооругандардын турак жай шарттарын жакшыртуу бөлүгүндө "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу;
- медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунуш кылынган артыкчылыктуу программалар менен каралган кургак учукка жана СПИДге каршы күрөшүүнүн усулдарына аларды окутуп-үйрөтүү боюнча донор уюмдар менен ишти күчөтүү;
- ички мигранттардын арасында кургак учукка каршы иш-чараларга региондорго келген кургак учуктан жабыр тарткан адамдарды өз убагында табууга жана эсепке коюуга өзгөчө көңүл буруу;
- "Кургак учук - 3" улуттук программасын иш жүзүндө ийгиликтүү ишке ашырууга жетишүү максатында республиканын депутаттык корпусу менен сектор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү;
- 2008-2009-жылдарга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн кароодо учукка каршы дарылоо мекемелерин капиталдык ремонттоого акча каражаттарын көбөйтүүнү кароо;
- 2009-жылга республикалык бюджетти түзүүдө төмөнкүлөргө каражаттарды кароо:
"СПИД" республикалык бирикмесинин алдында ВИЧ-инфекциялангандар жана СПИД менен ооругандар үчүн бөлүм ачууга;
ВИЧ инфекцияланган жана СПИД менен ооруган балдар үчүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүүгө;
- укукту белгилөөчү документтер менен (1952-жылдын 15-октябрындагы № 1047 "Чолпоната" балдар санаторийинин муктаждыктары үчүн Ысыккөл областындагы Ысыккөл районунун "Бирлик" колхозунан жер, Чыгыш дан даярдоо башкармалыгынын көмөкчү пунктунун жана Ысыккөл мамлекеттик кемечилигинин маягын алып коюу жөнүндө Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому) "Чолпоната" балдарды реабилитациялоо республикалык борборуна бөлүнүп берилген аймактын сакталышын жана бүтүндүгүн камсыз кылуу;
- СПИДке диагноз коюучу аймактык лабораторияларды иммуноферменттик анализ жүргүзүү үчүн жабдуулардын толук комплекти (ИФА - жабдуу), медициналык көмөкчү жабдуулар жана чыгымдалуучу материалдар менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
- "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин жана "Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 17 жана 18-беренелеринин аткарылышын камсыз кылуу;
- республиканын бардык жалпы билим берүүчү мектептерине медицина кызматкеринин штаттык бирдигин киргизүүнүн мүмкүнчүлүгүн кароо.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги республиканын билим берүү уюмдарында окуучуларды тамактандырууну уюштурууда шарттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги:
- мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары менен биргелешип мектеп окуучуларынын тамактануусун уюштурууда санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын такай контролдоону жүзөгө ашырсын;
- кант диабети менен ооругандардын толук каттоосун түзсүн;
- диабетке каршы дары-дармектерди сатып алууну жана жер-жерлерге жөнөтүүнү өз убагында камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Майлуусуу шаарында окуучулардын массалык ууланышына жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитети (И.Ш.Өмүркулов) менен Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетине (Н.И.Байло) жүктөлсүн.
7. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин Кыргыз Республикасындагы кургак учук жана СПИД боюнча эпидемиялык кырдаал менен "Кыргыз Республикасында кант диабети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралу корутундусу массалык маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага | А.Мадумаров
|