Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-февралындагы № 297-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 22-майы № 396-IV
"Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоору коомдун мамлекеттик пакетинин акцияларынын 67 пайызын инвестициялык сынакта сатуу менен жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- айыл чарба өндүрүүчүлөрүн кредиттик колдоо үчүн банктын адистештирилген багытын сактоо боюнча инвесторлорго карата талапты күчөтсүн;
- банктын айыл калкынын кыйла арзан кредиттерге жетишин кеңейтүүнү камсыз кылуучу капиталынын деңгээлин жана ресурстук базасын жогорулатууну карасын;
- "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын депутаттарын киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктын ишине лицензия берүүдө инвестор тарабынан Инвестициялык макулдашуунун негизги талаптарынын сакталышын карасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитети (А.А.Шадиев) менен Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетине (Ж.А.Жээнбеков) жүктөлсүн.
Төрага | А. Модумаров |