Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № 297-VI
"Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү Концепциясынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 22-майындагы № 396-IV токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Өлкөнүн айыл чарба тармагын кеңейтүү жана кредиттөө көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле баардык региондордун фермерлерин ар кандай финансы жана банк кызмат көрсөтүүлөрүнө кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү Концепциясынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 22-майындагы № 396-IV токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү Концепциясынын долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-июнундагы № 246 токтомун күчүн жоготту деп таанысын;
- "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү Концепциясынын долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-июнундагы токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майындагы № 232 токтомун күчүн жоготту деп таанысын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине (Н.К.Макеев) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |