Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 22-майы № 409-IV
Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалды иликтөө боюнча
парламенттик комиссия түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 13-июнундагы № 507-IV токтомунун редакциясына ылайык)
Республиканын жарандарынан кайрылуулар, шайлоочулардан өтүнүчтөр көп түшүп жаткандыгына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын айткандарына байланыштуу, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын материалдарын талдап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын мурда колдонуудагы жоболоруна негизденген колдонуудагы 1991-жылдын 16-декабрындагы № 656-XII "Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы дин бирикмелеринин иши жана жарандардын дин тутуу эркиндигине болгон укугун ишке ашыруу үчүн шарт түзүүнү камсыз кылып келди.
Бүгүнкү күндө республиканын аймагында 2000ден ашык диний уюмдар (ислам, христианчылар жана анын негизги тарамдары, жаңы диний кыймылдар), ошондой эле диний багыттагы ар кандай объекттер (мечиттер, медереселер, чиркөөлөр, сыйынуу үйлөрү, теологиялык билим берүү мекемелери) иштеп жатат. Бул республикадагы диний кырдаалды татаалдатуу менен олуттуу мамиле жасоону жана бул чөйрөдө пайда болуп жаткан тигил же бул маселелерди чечүүдө мамлекеттин тикеден-тике катышуусун талап кылууда.
Дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде, КМШга катышкан мамлекеттерде жана ШКУга мүчө мамлекеттерде ишине тыюу салынган ар кандай деструктивдүү, тоталитардык топтор, реакциячыл секталар (Кришна Аң-сезим Коому (Вайшнавдар), Мундун Бириккен Чиркөөсү, азезилчилер, Фалагундар, Ак Боордоштор, Махарише табынуусу, мормондор жана башкалар) жашыруун, ал тургай эрежеге жатпагандай иш жүргүзүп жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл. Андан калса ар кандай диний экстремистик агымдардын, өзгөчө тыюу салынган "Хизб-ут-Тахрир" партиясынын ишине байланышкан проблемалар улам курчугандан курчуп жатат.
Республиканын түпкү калкынын арасында христиан жаатындагы диний коомдоштуктун санынын өскөндүгү байкалат. Түпкү калктын жаштарынын протестанттык багыттагы-пресвитерианчылык, баптистик (түпкү тургундардын ичинен) агымдарга, Иегованын Күбөлөрү жана башка ар түрдүү диний уюмдарга тартылып жатышы улуттар аралык ынтымакка олуттуу коркунуч келтирүүдө.
Республиканын ислам коомдоштугунда ички конфессиалык карама-каршылыктар бар, дааватчылардын (исламды үгүттөөчүлөрдүн) кыймылы көпчүлүк учурда тартипсиздик мүнөзгө ээ болууда.
Жергиликтүү коомдоштукта, уруулук чөйрөдө, үй-бүлөдө (азырынча төмөнкү деңгээлде) диний негизде бардык жерде чыр-чатактарды пайда кылган тутунган динин өзгөртүү (бир динден экинчи динге өтүү) процесси күчөп жатат.
Диний фанатизмге берилген айрым топтор пайда болуп, алар бардык жолдор (мыйзамдуу жана мыйзамсыз аракеттер) менен тигил же бул диндин артыкчылыгын коргоп, мечиттерди, медереселерди, чиркөөлөрдү, сыйынуу үйлөрүн, башка табынуу объекттерин контролсуз куруу жана ачуу улантылып, ошондой эле бул максаттар үчүн жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан жер участокторун бөлүп берүүгө жол берилүүдө.
Жарандарды (өзгөчө аялдарды, жаштарды жана жашы жетпегендерди) ар түрдүү диний канондорго жапырт окутуп-үйрөтүү байкалууда, мунун өзү үй-бүлөнүн, балдардын психикасынын бузулушуна, ошондой эле мектептик, кесиптик жана жадагалса жогорку окуу жайлар тутумундагы окууларын таштап кетүүгө алып келүүдө.
Кыргыз Республикасынын жарандарын Мекке менен Мединага сыйынууга жөнөтүүнү уюштурууда жана жүзөгө ашырууда айрым проблемалар бар, Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармасы (КМДБ) тарабынан тийиштүү контролдоо жок, диний чөйрө маселесинде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттеринин начар экендиги жана иштерин координациялоонун жетишсиздиги байкалат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана мамлекет менен диний уюмдардын өз ара аракеттенүүсүнүн укуктук механизмин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүн тартуу менен парламенттик комиссия (мындан ары - комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Р.Б.Тагаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;
Г.Т.Дербишева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Т.А.Жумабекова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
И.К.Жунусов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
З.К.Курманов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
П.Р.Тулендыбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
И.Ш.Өмүркулов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Г.Т.Султаналиева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
М.Т.Кайыпов - Кыргыз Республикасынын адилет министри;
Э.Ө.Карабаев - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
И.С.Болжурова - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
М.Т.Конгантиев - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
М.А.Суталинов - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
А.М.Рыскулова - Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы;
Б.Ж.Асанов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дене-тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы;
К.О.Осмоналиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы;
А.А.Сабиров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
С.А.Раев - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри;
Э.Р.Сатыбалдиев - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
Ж.С.Алиева - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы;
Ш.Ж.Жоробекова - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
М.А.Эшимканов - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 13-июнундагы № 507-IV токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссия республикадагы диний кырдаалды бир айлык мөөнөттө иликтеп чыгып, диний чөйрөдөгү, ошондой эле мамлекеттик - диний мамилелер чөйрөсүндөгү иштердин абалын талдасын жана алардын жыйынтыктары боюнча кеңири маалымат менен мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берсин.
Областтык мамлекеттик администрациялардын башчыларынын - губернаторлордун социалдык маселелерди жетектеген орун басарлары комиссиянын ишинин убагында анын мүчөлөрүн барган жерлерде дайыма коштоп жүрсүн.
Комиссиянын ишин уюштуруучулук, усулдук жана маалыматык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетине (З.К.Курманов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Мадумаров
|