КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2011-жылдын 8-апрели ПБ № 49
А.Ж.Ормокоев жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30- жана 31-беренелерине ылайык:
1. Анык аскердик кызматта болуу курагынын чегине жеткендигине байланыштуу генерал-майор Ормокоев Асылбек Жекшеналиевич Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басарынын кызматынан бошотулсун.
2. Генерал-майор Ормокоев Асылбек Жекшеналиевич анык аскердик кызматтан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө запаска бошотулсун.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |