Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5055-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 3-апрели № 3933-V

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер Ж.К.Оторбаев сунуш кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин (тиркелет).

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2264-V токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Жээнбеков