Редакцияот 30.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 30-апрели № 5055-V

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариев тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чараларын көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3933-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Жээнбеков