Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 12-июну № 479-IV
2008-жылдын 12-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 12-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Ысыккөлдө жана Соңкөлдө жашаган балыктын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатып өткөрүүгө жана ташып кетүүгө тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин жаңы редакциясы тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетүүчү товарларга ташып кетүү (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому жана "2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетүүчү товарларга ташып кетүү (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жөнүндө;
"Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эмгек акылар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар боюнча карыздарды кечүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Панфилов районунун Панфилов айылдык кеңешин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Панфилов районунун Курама айыл округу деп жаңыдан атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы Миңбулак айылдык кеңешин Нарын облусунун Нарын районундагы Аттокуров айылдык округу деп өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
Төрага | А.Тагаев
|