Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 12-июну № 488-IV
"Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарына эмгек акылар жана
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча
карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда
республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар
боюнча карыздарды кечүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-августундагы
№ 378 токтому тууралу
Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эмгек акылар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда республикалык бюджеттен берилген жалпы суммасы 183,79 млн. сом бюджеттик ссудаларды өндүрүлбөөчү карыз катары кечүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун карап чыгып жана "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-августундагы № 378 токтомунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга эмгек акылар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда республикалык бюджеттен берилген жалпы суммасы 183,79 млн. сом бюджеттик ссудаларды кечүү бөлүгүндөгү 1-пунктуна макулдук берилсин, анын ичинде:
Ош областы боюнча - 73,05 млн. сом;
Ош шаары боюнча - 15,05 млн. сом;
Баткен областы боюнча - 41,6 млн. сом;
Жалалабат областы боюнча - 35,34 млн. сом;
Ысыккөл областы боюнча - 5,85 млн. сом;
Нарын областы боюнча - 1,7 млн. сом;
Талас областы боюнча - 0,8 млн. сом;
Чүй областы боюнча - 10,4 млн. сом.
Төрага | А.Тагаев
|