Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-марты № 3902-V
"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 25-ноябрындагы № 635 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
табылган финансылык бузуулардын суммасынын ордун толтуруунун жана калыбына келтирүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен бирдикте сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ар жылкы отчетуна Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын көрсөтмөлөрүн аткаруу боюнча маселени киргизсин;
алар жол берген бузуулардын суммасына уюмдарды каржылоону кыскартууну жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мүмкүнчүлүк берген тийиштүү чараларды карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы белгилүү болгон бюджеттик бузуулардын фактысы боюнча Эсептөө палатасы киргизген иштерди толук кароону жана алар боюнча маалымат берүүнү камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (К.С.Дыйканбаев) жүктөлсүн.
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|