Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 25-ноябры № 635

"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри ушул Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев

 

                                                                                                                                                                    Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчет атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелер боюнча 77601053,0 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 97836659,6 миң сом суммасында, чыгашаларды кирешелерден 20235606,6 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилсин.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти