ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 521-IV «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I жана II бөлүктөрүнө толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу» токтому

Редакция19.06.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2008-жылдын 19-июну № 521-IV

"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин

I жана II бөлүктөрүнө толуктоолор киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

биринчи окууда кабыл алуу тууралу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 10-январындагы № 5 токтом) "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I жана II бөлүктөрүнө толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитети (З.К.Курманов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А.Тагаев