КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 20-июну № 536-IV
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана "Кыргыз
Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорун
биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 6-июнундагы № 270 токтом) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитети (А.А.Шадиев) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорун депутаттардын, комитеттердин, ошондой эле депутаттык фракциялардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Тагаев
|