Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-апрели № 3941-V
«2013-жылдын 21-майында Бишкек шаарында кол коюлган «Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 20-декабрындагы № 694 токтому) «2013-жылдын 21-майында Бишкек шаарында кол коюлган «Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кант шаарынын мэриясына аталган Макулдашуу мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин ушул долбоордун алкагында ишке ашырылуучу объектилер боюнча долбоордук-сметалык документтерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине берүү тапшырылсын.
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|