Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 25-сентябры № 642-IV
2008-жылдын 25-сентябрына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 25-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү кун тартиби бекитилсин:
"Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 17-январындагы № 73-IV токтому менен бекитилген Турак жайды ижарага алуу үчүн акы төлөөнүн жана турак жайды жалдоо боюнча келишимди жол-жоболоштуруунун шарттары жөнүндө жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 27-декабрындагы № 50-IV токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"1991-жылдын 31-августундагы № 575-ХII "Кыргыз Республикасынын Коммунисттик партиясынын иши жана анын мүлкү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Төрага | А.Тагаев
|