Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 26-сентябры № 652-IV
Республиканын экономика тармактарын жана калкын
2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата
даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө
Республиканын экономика тармактарын жана калкын 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.В.Чудиновдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши алдыдагы жылуулук берүү мезгилине карата экономика тармактарын жана калкты даярдоо боюнча Өкмөт, министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана отун-энергетика комплексинин ишканалары тарабынан белгилүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейт.
Аракеттерди координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында биринчи-вице-премьердин жетекчилиги астында республикалык штаб түзүлгөн жана 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдык боюнча иш-чаралардын планы бекитилген. Штабдын жыйналыштарында алдыдагы жылуулук берүү сезонуна карата даярдык көрүү маселелери үзгүлтүксүз каралып турат.
Контролду жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы жыйналышында "2008-жылдын 9-апрелиндеги № 135 "Токтогул суу сактагычында суунун зарыл болгон көлөмүн топтоо жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" маселе каралган.
Ошону менен бирге 2008-2009-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер жана ведомстволор, бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер олуттуу кабатыр болууну туудурат.
Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушунун көлөмү өзгөчө тынчсызданууну пайда кылып, ал бүгүнкү күндө болгону 9,6 млрд. куб.м ду түзөт. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, тиешелүү министрликтер менен ведомстволор тарабынан алдыда боло турган суунун тартыштыгына жана суу сактагычка суунун агып киришинин кыйла азайышына байланыштуу электр энергиясын пайдалануунун жана иштеп чыгуунун божомолунун түзүлбөгөндүгүнүн айынан келип чыккан. Мунун натыйжасында бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар тарабынан акыркы убакта "утурлап өчүрүүлөрдүн" терс практикасы колдонулуп, ал калктын адилет нааразылыгын пайда кылып, коомдо социалдык чыңалууну түзүүдө.
Түзүлгөн кырдаалдын олуттуулугуна карабастан электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимитин камсыз кылуу боюнча негизги тапшырмалардын бири да бир да региондо аткарылган эмес. Бүтүндөй алганда республика боюнча электр энергиясына чектөөлөр киргизилгенине карабастан өтүп жаткан жылдын башынан бери 137,2 млн.кВт/с электр энергиясы лимиттен ашык керектелип, анын олуттуу көлөмү "Түндүкэлектр" АККсына (42,4 млн. кВт/с), "Чыгышэлектр" АККсына (63,8 млн. кВт/с) жана "Жалалабатэлектр" АККсына (30,5 млн. кВт/с) туура келет. Республика боюнча электр энергиясын жоготуулардын көлөмү төмөндөбөгөн бойдон калууда, ал 34 пайызды тузүп, ал эми "Ошэлектр" АККсында өткөн жылга салыштырганда жогорулап кеткен.
Бөлүштүрүү компанияларынын электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карызы да өскөн.
Областтардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан калк жана ишканалар керектеген электр жана жылуулук энергиясы үчүн акыны жыйноо, коммерциялык чыгымдарын төмөндөтүү боюнча бөлүштүрүүчү электр тармактарынын, жылуулук тармактарынын ишканаларына жетиштүү көмөк көрсөтүлбөй жатат.
Бишкек шаарынын ЖЭБсында олуттуу абал түзүлүп, анда станциянын биринчи үч кезегинин жабдуулары 40 жылдан ашуун мезгилден бери пайдаланылуу менен физикалык жана моралдык жактан эскирип бүткөн. Алардын көпчүлүк запастык бөлүктөрү чыгарылбай калган, ал эми аларды оңдоо үчүн талап кылынган материалдар каржылоонун жетишсиздигинин айынан сатып алынган эмес. Мунун натыйжасында оңдоо жумуштары толук көлөмдө жүргүзүлбөйт.
Бишкек шаарынын ЖЭБсын жетишсиз каржылоодон улам 6 буу казан агрегаты оңдолбой калып, оңдоо иштеринин планы болгону 52 пайызды түзгөн. Күзгү-кышкы мезгилде 250 МВт кубаттуулукка чыдоо үчүн 667 миң тонна сандагы көмүр алып келүү зарыл. Бирок 2008-жылга тендердин жыйынтыктары боюнча түзүлгөн келишимдер менен өтүп жаткан жылдын сентябрында-декабрында болгону 349 миң тонна алып келүү каралган. Көмүр алып келүү графиктен кыйла артта калуу менен келишимдик милдеттенмелерге ылайык келбейт, 2008-жылдын 22-сентябрына карата абал боюнча анын калганы болгону 101,3 миң тоннаны түзгөн.
"Кыргызнефтегаз" АККсы тарабынан "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына зарыл болгон 29 миң тоннанын ордуна 9 миң тонна көлөмдөгү мазут алынып келинген, ал эми болгон көмүр белгиленген тапшырманын 31 пайызын түзөт.
"Бишкекжылуулуккоммунэнерго" коммуналдык ишканасы тарабынан 2008-жылдын 12-сентябрындагы абал боюнча 7,8 миң тонна көмүр же жылдык тапшырманын 81,2 пайызы, 0,8 миң тонна мазут же жылдык тапшырманын 61,5 пайызы даярдалган.
Сентябрь айынын башталышына жаратылыш газын пайдалануучулардын дебитордук карызы 374 млн. сомду түзүп, анын негизги бөлүгү өнөр жай ишканаларына жана бюджеттик уюмдарга туура келет.
Жылуулук-энергетикалык комплексинин ишенимдүү жана туруктуу иштешин, республиканын экономикасын жана калкын алдыдагы жылуулук берүү мезгилинде жылуулук, ошондой эле электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республиканын экономика тармактарын жана калкын 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.В.Чудиновдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча республикалык штаб белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча жетиштүү чараларды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги № 135 токтому менен бекитилген иш-чаралар планын өз убагында аткарууга жетишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги № 135 токтому менен бекитилген иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылбаган министрликтердин, ведомстволордун жетекчилерин, областтык, шаардык жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларын жоопкерчиликке тартсын;
- республиканын экономика тармактарынын жана калкынын электр энергиясын керектөөлөрүн үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Токтогул суу сактагычындагы суунун запасынын абалына жана жетиштүү көлөмүнө туруктуу контролду жүзөгө ашырсын;
- керектелүүчү жаратылыш газына тарифтердин өсүшүнө жол бербөө боюнча жетиштүү чараларды көрсүн жана Өзбекстан Республикасы менен суу-энергетика комплексин пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө 2008-жылдын 25-ноябрына карата маалымат берсин;
4. Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, областтык, шаардык жана райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча ишти өзгөчө контролго алып, мында калктын социалдык жакыр катмарларына айрыкча көңүл бурсун.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине (Ю.А.Данилов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|