Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 10-октябры № 681-IV
"Манас Менеджмент Компаниясы" ЖТАКсын "Бишкек" ЭЭЗсынын
курамына кайтаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
сунушунун мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык
комиссиянын ишинин натыйжалары тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 302-IV токтому менен түзүлгөн "Манас Менеджмент Компаниясы" ЖТАКсын "Бишкек" ЭЭЗсынын курамына кайтаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушунун мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын тыянактарын талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттык комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. Чет өлкөлүк инвесторлордун Кыргыз Республикасына доо коюшуна алып келген мамлекеттик чиновниктердин аракеттеринин негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун, ошондой эле "Манас Менеджмент Компаниясы" ЖТАКсынын акцияларынын 31 пайызын "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынан FINREP Handels Ges.m.b.H. жана ITI SрАга өткөрүп берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Жарандык авиация департаменти, "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы жана "Манас Менеджмент Компаниясы" ЖТАКсы 2006-жылдын 25-августундагы Жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун жана 2008-жылдын 14-мартындагы Макулдашуунун чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан аткарылышынын жүрүшүндө пайда болгон кыйчалыштыктарды четтетүү боюнча ишти улантсын, ал эми алар өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан учурда көз карашты, анын ичинде FINREP Handels Ges.m.b.H. жана ITI SрА компанияларына карата соттук териштирүүнүн мүмкүнчүлүгүн биргелешип аныктасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Башкы прокуратурасы жана Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ушул токтомунун аткарылышы жөнүндө 2008-жылдын 1-декабрына карата маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетине (У.З.Ормонов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|