Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 30-октябры № 706-IV
2008-жылдын 30-октябрына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 30-октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
Саламаттык сактоо тутумунда гранттардын, кредиттик каражаттардын, гуманитардык жардамдын натыйжалуу пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтары тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлорун кызматынан бошотуу жөнүндө сунушу тууралуу;
"Балдарга эмчек эмизүүнү коргоо жана балдардын жасалма тамактануусу үчүн азыктар менен каражаттардын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын коргонуу жана Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу;
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө.
Төрага | А.Тагаев
|