Редакцияот 16.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 16-апрели № 3975-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 13-мартындагы № 3913-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 13-мартындагы № 3913-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары

Т.Зулпукаров