ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3989-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына жарандардын жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн катышуусунун тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу" токтому

Редакция23.04.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 23-апрели № 3989-V

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына жарандардын жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн катышуусунун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына жарандардын жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн катышуусунун тартиби жөнүндө" Жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жүктөлсүн.

   

 

 

Төрага

А. Жээнбеков