КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-апрели № 3990-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоочулар менен иштөөсү жана алардын өз ара аракеттеринин механизмдери жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоочулар менен иштөөсү жана алардын өз ара аракеттеринин механизмдери жөнүндө" Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жүктөлсүн.
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|