Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3990-V токтому менен бекитилген |
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоочулар менен иштөөсү жана алардын өз ара аракеттеринин механизмдери жөнүндө ЖОБО
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" (мындан ары - Жогорку Кеңештин Регламенти), "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоочулар менен иштөөсүн уюштуруунун тартибин жана механизмдерин белгилөө максатында иштелип чыккан.
1.2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) шайлоочулар менен иштөөсү жана алардын өз ара аракеттеринин механизмдери мыйзамдуулуктун, ачыктыктын, жеткиликтүүлүктүн, айкындыктын жана жоопкерчиликтүүлүктүн принциптерине негизделет.
1.3. Жогорку Кеңеш сессия учурунда жана сессиялардын аралыгында шайлоочулар менен иштешүүнү фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын төмөндөгүдөй иш-аракеттери аркылуу уюштурат:
- шайлоочуларды жеке кабыл алуу;
- сунуштарын, арыздарын, сунуштамаларын кароо;
- чогулуштарды, конференцияларды (анын ичинде on-line конференцияларын), жолугушууларды, "төгөрөк столдорду", семинарларды, кеңешмелерди, жыйналыштарды (анын ичинде көчмө), "ачык эшик күндөрүн" жана башка иш-чараларды өткөрүү;
- мыйзам долбоорлоруна карата жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарын кароо жана кабыл алуу;
- мыйзам долбоорлору жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча парламенттик угууларды өткөрүү;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына парламенттик жана депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүү.
2.1. Шайлоочуларды жеке кабыл алуу
2.1.1. Жогорку Кеңештин депутатына (мындан ары - депутат) шайлоочулардын түздөн-түз кайрылуу системасын өркүндөтүү, калктын актуалдуу көйгөйлөрүн ачып көрсөтүү жана аларды чечүү боюнча ыкчам чараларды кабыл алууга көмөктөшүү максатында депутаттар шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.
2.1.2. Шайлоочуларды кабыл алуу төмөндөгү милдеттерди чечүү үчүн уюштурулат:
- шайлоочулардын оозеки жана жазуу түрүндөгү кайрылууларын кароо;
- шайлоочулардын кайрылуулары боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну уюштуруу;
- Жогорку Кеңештин шайлоочулар менен кайтарым байланышын камсыз кылуу;
- кечиктирилгис чечүүнү талап кылган коомдук, экономикалык, социалдык жана башка маанилүү көйгөйлөр жөнүндө мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдоо;
- коомдук пикирлерди иликтөө жана шайлоочулардын сунуштарын жалпылоо;
- колдонуудагы мыйзамдардын жүзөгө ашырылышы боюнча мониторинг жүргүзүү.
2.1.3. Жогорку Кеңештин шайлоочулар менен иштөөсүн уюштурууну Жогорку Кеңештин фракцияларынын катчылыгы (мындан ары фракциялардын катчылары) жана Жогорку Кеңештин комитеттеринин бөлүмдөрү (мындан ары - комитеттин бөлүмдөрү) менен бирдикте Жогорку Кеңештин Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү (мындан ары - каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү) камсыз кылат.
2.1.4. Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү фракциялардын катчылыктары жана комитеттердин бөлүмдөрү менен бирдикте тийиштүү фракциялардын жана комитеттердин мүчөлөрүнүн шайлоочуларды кабыл алуу графигин өз учурунда жана ыңгайлуу түзүүнү жана жарыя кылууну камсыз кылат.
2.1.5. Шайлоочуларды жеке кабыл алуунун графиги Жогорку Кеңештин сайтында, Жогорку Кеңештин коомдук кабыл алуучу имаратында жайгаштырылат жана парламенттик теле- жана радио программаларында байма-бай чагылдырылат.
2.1.6. Шайлоочулар тууралуу маалыматтар (аты-жөнү, байланышуу даректери, анын кайрылуусунун кыскача мазмуну жана аны кароонун жыйынтыктары) каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү тарабынан жарандарды кабыл алуунун атайын журналына түшүрүлөт.
2.2. Шайлоочулардын сунуштарын, арыздарын жана сунуштамаларын кароо
2.2.1. Шайлоочулардын жазуу, ошондой эле электрондук түрүндөгү сунуштарын, арыздарын жана сунуштамаларын (мындан ары - кайрылууларын) депутаттар тарабынан кароосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
2.2.2. Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү Жогорку Кеңештин электрондук документтерди жүгүртүү тутумуна (ЭДЖТ) кат ээсинин фамилиясын, атын жана атасынын атын, дарегин, кайрылуунун мазмунун, анын иштетилишин, узартылышын жана кароонун жыйынтыктарын түшүрөт.
2.2.3. Жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын караган учурда депутат укук коргоо же контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдардын, башка мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын кызмат адамдарына депутаттык суроо-талабын жөнөтө алат. Депутаттык суроо-талап атайын бланкага жол-жоболоштурулат.
2.2.4. Фракциялардын, комитеттердин жетекчилери же депутаттар тарабынан кайрылууларды кароонун мөөнөтүнүн узартылышы жөнүндө кат ээсине жана каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө билдирилет.
2.2.5. Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү Жогорку Кеңештин тийиштүү кызмат адамдарына төмөндөгүлөр жөнүндө билдирет:
- бир нече адресаттарга (комитеттерге, фракцияларга) жөнөтүлгөн бир эле кайрылуунун болушу жөнүндө, эгерде бул ошол кайрылуунун өзүндө көрсөтүлбөсө;
- кат ээсинен кайталанган кайрылуу жана мурда жооп жөнөткөн орган жөнүндө.
2.2.6. Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларына, даттанууларына жана сунуштамаларына байланыштуу жөнөтүлгөн депутаттык суроо-талаптардын реестрин жүргүзөт.
2.2.7. Фракциялардын катчылыгы жана комитеттердин бөлүмдөрү Жогорку Кеңештин сессияларынын жыйынтыгы боюнча жарандардын кайрылууларын кароо тууралуу иштерди жалпылайт (сапаттык жана сандык талдоону) жана маалыматты ушул Жобонун тиркемесине ылайык каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө жөнөтөт.
2.2.8. Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү сессия мезгилинде Жогорку Кеңештин шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө маалыматты жалпылаштырат, ал Жогорку Кеңештин басма сез кызматы тарабынан үстүдөгү жылдын 1-августунан кеч эмес Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланууга жатат.
2.3. Конференцияларды, жолугушууларды, "төгөрөк столдорду", семинарларды, кеңешмелерди, жыйналыштарды (анын ичинде көчмө), ачык эшик күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү
2.3.1. Жогорку Кеңеш, фракция, комитет кыйла актуалдуу маселелер боюнча мындай иш-чараларды:
- конференцияларды (анын ичинде on-line конференцияларын), жолугушууларды, "төгөрөк столдорду", семинарларды, кеңешмелерди, жыйналыштарды (анын ичинде көчмө) өткөрүүгө укугу бар. Коомчулукту Жогорку Кеңештин иштери менен тааныштыруу максатында "ачык эшик күндөрү" өткөрүлүшү мүмкүн.
2.3.2. Иш-чаралардын аталышын, программаларын (күн тартибин), катышуучулардын чөйрөсүн, убактысын, ордун көрсөтүү менен аны өткөрүү жөнүндө жарыя жана башка маалыматтар Жогорку Кеңештин Регламентинин 116-беренесине ылайык аны өткөрүүдөн он күн мурда Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылат. Ошол иш-чараны өткөрүү жөнүндө маалымат парламенттик радио менен республикалык жана жергиликтүү маанидеги атайын телепрограммалар аркылуу жарыя кылынышы мүмкүн.
2.3.3. Иш-чаранын темасын ар тараптуу жана натыйжалуу талкуулоо максатында Жогорку Кеңештин тийиштүү органы компетенттүү жана кызыкдар уюмдарды, эксперттерди, адистерди тартуу менен алдын-ала иликтөөлөрдү жүргүзөт.
2.3.4. Жогорку Кеңеш, фракциялар жана комитеттер демилгелеген иш-чараларды уюштуруу (планын, программаларын күн тартибин, катышуучулар чөйрөсүн түзүү) Жогорку Кеңештин Аппаратынын тийиштүү уюштуруу иштери бөлүмү (мындан ары - уюштуруу иштер бөлүмү), комитеттердин бөлүмдөрү, фракциялардын катчылыктары тарабынан камсыз кылынат.
2.3.5. Көчмө иш-чараларда "ар түрдүү маселелердин" алкагында шайлоочулардын кайрылуулары угулат жана кабыл алынат, алар Жогорку Кеңешке кайтып келгенден кийин каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү тарабынан каттоого алынат.
2.3.6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө (орун жайларды, техникалык каражаттарды берүүдө, шайлоочулардын катышуусун камсыз кылууда ж.б.) Жогорку Кеңешке жана анын органына көмөк көрсөтөт.
2.3.7. Иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Аппараттын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери протокол түзөт, ага төрагалык кылуучу кол коет.
2.3.8. Күн тартибинин маселелери боюнча иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча сунуштамалар кабыл алынат.
2.3.9. Жогорку Кеңештин сессиясынын жыйынтыгы боюнча комитеттердин бөлүмдөрү жана уюштуруу иштери бөлүмү, ошондой эле фракциялардын катчылыгы өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды ушул Жобонун тиркемесине ылайык жалпылоо үчүн каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө жөнөтөт.
2.4. Мыйзам долбоорлоруна карата жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарын кароо жана кабыл алуу
2.4.1. Жогорку Кеңеш мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо мыйзам долбоорлоруна жана аларга байланышкан башка материалдарга жарандардын жана алардын бирикмелеринин эркин жетүүсүн камсыз кылуу үчүн чараларды кабыл алат.
2.4.2. Жарандар жана алардын бирикмелери мыйзам долбоорлоруна карата сын-пикирлерин жана сунуштарын жөнөтүүгө укуктары бар, алар мыйзамдарда белгиленген тартипте жооптуу комитеттер тарабынан каралууга жатат.
2.4.3. Жарандар жана алардын бирикмелери, эксперттер жана адистер фракциялар, комитеттер же болбосо убактылуу комиссиялар тарабынан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу (толуктап иштеп чыгуу) боюнча жумушчу тобунун курамына тартыла алышат.
2.4.4. Жогорку Кеңештин Аппараты мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга тартуу үчүн эксперттердин жана адистердин маалымат базасын жүргүзөт. Жарандык коомдун өкүлдөрү эксперттердин жана адистердин көрсөтүлгөн маалымат базасын түзүүдө Жогорку Кеңештин Аппаратына көмөк көрсөтөт.
2.5. Жарандардын укуктарынын бузулушу боюнча парламенттик териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө жарандардын кайрылууларын кароо
2.5.1. Жарандар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан укуктары бузулган учурда парламенттик териштирүү жүргүзүүнү демилгелөө тууралуу Жогорку Кеңешке кайрылууга укуктуу.
2.5.2. Парламенттик териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө кайрылуу Жогорку Кеңештин тийиштүү органдары тарабынан каралат, анын жыйынтыгы боюнча жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алынат, бул тууралуу тийиштүү түрдө адресатка маалымдалат. Зарыл учурларда кайрылууларды кароо кат ээсинин катышуусунда жүргүзүлүшү мүмкүн.
2.5.3. Жаңы жүйөлөр же кайрадан белгилүү болгон шарттар көрсөтүлбөсө, парламенттик териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө кайталанган кайрылуулар, эгерде ал боюнча мурда текшерүү жүргүзүлүп жооп берилсе, каралууга жатпайт.
2.5.4. Жарандардын укуктарынын бузулушу боюнча парламенттик териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө кайрылуу, эгерде ал соттук териштирүүдө турса, каралууга жатпайт.
2.6. Мыйзам долбоорлору жана коомдук маанилүү маселелер боюнча парламенттик угууларды өткөрүү
2.6.1. Өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча фракция, комитет, убактылуу комиссия парламенттик угууларды демилгелөөгө жана өткөрүүгө укуктары бар.
2.6.2. Парламенттик угуулардын темасын, программасын (күн тартибин), катышуучулардын чөйрөсүн, убактысын, ордун жана башка зарыл маалыматтарды көрсөтүү менен аны өткөрүү жөнүндө жарыя Жогорку Кеңештин Регламентинин 116-беренесине ылайык аны өткөрүүгө чейин 10 күн мурда Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылат. Парламенттик угууну өткөрүү жөнүндө маалымат парламенттик радио менен республикалык жана жергиликтүү маанидеги атайын телепрограммалар аркылуу жайылтылат.
2.6.3. Парламенттик угуунун жыйынтыгы боюнча сунуштамалар кабыл алынат, ал аны өткөрүүнү демилгелеген фракциялар, комитеттер жана убактылуу комиссиялар тарабынан каралат.
2.6.4. Парламенттик угуу Жогорку Кеңештин Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн жооптуу кызматкери тарабынан стенограммаланат же протоколдоштурулат. Протоколго төрагалык кылуучу жана протокол түзүүчү адам кол коет.
2.6.5. Парламенттик угуунун сунуштамалары Жогорку Кеңештин сайтында жайгаштырылат, ошондой эле керектүү учурларда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы мүмкүн.
2.6.6. Жогорку Кеңештин сессиясынын жыйынтыгы боюнча фракциялардын катчылыктары, комитеттердин бөлүмдөрү жана уюштуруу иштери бөлүмү (убактылуу комиссиянын ишине тийиштүү) парламенттик угууларды өткөрүү (темасы, орду жана өткөрүү датасы, катышуучулардын чөйрөсү, өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынган сунуштамасы) жөнүндө маалыматтарды каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө жөнөтөт.
2.6.7. Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү сессиянын аралыгында парламенттик угуулар жөнүндө маалыматты жалпылоону жүргүзөт, ал Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тарабынан үстүдөгү жылдын 1-августунан кеч эмес Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланууга жатат.
|
| "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоочулар менен иштөөсү жана алардын өз ара аракеттеринин механизмдери жөнүндө'' Жобого тиркеме |
| Кабыл алынган жарандардын саны(1) | Шайлоочулардан түшкөн каттардын саны(2) | Каралган каттардын саны | Кат ээлерине жиберилген жооптордун саны | Аткарууга берилген каттардын саны(3) |
Комитеттин/ фракциянын атына түшкөн каттардын саны |
|
|
|
|
|
Комитеттин/ фракциянын айрым мүчөлөрүнүн атына түшкөн каттардын саны |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы |
|
|
|
|
|
_____________________________
(1) № 1 таблица.
(2) № 2, 3 таблицаларда кененирээк көрсөтүлгөн.
(3) № 4, 5 таблицаларда кененирээк көрсөтүлгөн.
№ 1 таблица
| Комитет (фракция) |
Аты-жөнү | Жарандардын саны |
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы |
|
№ 2 таблица
Аймактар | Каттардын саны |
1. Бишкек ш. |
|
2. Чүй облусу |
|
3. Ош облусу |
|
4.Жалал-Абад облусу |
|
5. Талас облусу |
|
6. Ысык-Көл облусу |
|
7. Нарын облусу |
|
8. Баткен облусу |
|
9. КМШ мамлекеттери |
|
Бардыгы: |
|
№ 3 таблица
Маселелер | Келип түшкөн каттардын саны |
1. Экономика |
|
2. Калкты социалдык жактан коргоо |
|
3. Саламаттыкты сактоо |
|
4. Турак жай маселелери |
|
5. Билим берүү, илим, жаштар, маданият, спорт |
|
6. Соода, курулуш, транспорт, байланыш жана энергетика |
|
7. Айыл чарбасы |
|
8. Мыйзамдуулук жана тартип, Армиянын, УКМКнын жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү |
|
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши |
|
10. Башка маселелер |
|
Бардыгы |
|
№ 4 таблица
Мамлекеттик бийлик органынын/ же ЖӨБ органынын аталышы | Каттардын саны | Аткарылган/ чечилген маселелер боюнча алынган жооптордун саны | Оң жагына чечилген/ аткарылган маселелердин саны | Аткарууга жиберилип, бирок чечилбеген маселелердин саны(4) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
___________________________
(4) № 5 таблицада кененирээк көрсөтүлгөн.
№ 5 таблица
Чечимдин/ кайрылуунун/ тапшырманын аталышы | Аткарылбагандыгынын себеби | КР ЖК комитетинин (фракциясынын) тапшырмаларынын/ сунуштамаларынын саны | Башка мүмкүнчүлүктөрдү (бул мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү менен) караштыруу менен аткарууга мерчемделген тапшырмалардын/ сунуштамалардын саны | Салыштырмалуу алганда көтөрүлгөн маселенин деңгээли: өлкөлөр региондор өзүнчө жерлер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|