Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-майы № 4068-V
Курманжан Датка атындагы коомдук Кайрымдуулук фондунун кайрылуусу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Курманжан Датка атындагы коомдук Кайрымдуулук фондунун кайрылуусун карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Курманжан Датка атындагы коомдук Кайрымдуулук фондусу (мындан ары - Фонд) 1996-жылы түзүлгөн. Анын негизги максаты кыргыз элинин маданий мурастарын кеңири жайылтуу жана улуу тарыхый мамлекеттик ишмер Курманжан Датканын элесин түбөлүккө калтыруу, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө, жетим балдарга, майыптарга, качкындарга, жалгыз бой энелерге жардам көрсөтүү болуп саналат. Бул багыттар боюнча Фонд тарабынан бир топ иштер аткарылып келе жатат.
Улуу тарыхый инсан Курманжан Датканын кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоого жана чыңдоого кошкон зор салымын жана Фонддун кайрылуусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-мартындагы № 148 жана 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 507 токтомдору менен Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексти куруу үчүн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылынын жеринен 15,64 гектар жер участогу 49 жыл мөөнөткө убактылуу пайдаланууга Фондго берилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 111 токтомунун 3-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-августундагы № 427-р буйругунун 1-пунктуна ылайык Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхын комплекс үчүн музейди жана скульптуралык композицияны (мындан ары - объект) долбоорлоого жана курууга заказчы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин Турак-жай-жарандык курулуш департаменти аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматына ылайык курулуш башталгандан бери 2014-жылдын 14-майына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин Турак-жай-жарандык курулуш департаментине 52,4 млн. сом акча каражаты которулган.
Азыркы учурда объекттердин курулушу жүрүп жатат, бирок аны толук бүткөрүү үчүн инвестиция тартуу жана кошумча каражаттарды табуу керек. Ушул шарттарды эске алуу менен Фонд аталган Мемориалдык-тарыхый комплекс үчүн объектинин курулушун аягына чыгарууну жана аны 15,64 гектар жер аянты менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүп берүүнү ылайыктуу деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 427-р, 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 130-р тескемелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин Турак-жай-жарандык курулуш департаменти курулуш бүткөндөн кийин обьектти Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-мартындагы № 148 жана 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 507 токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 15,64 гектар аянттагы жер участогун Курманжан Датка атындагы коомдук Кайрымдуулук фондунун пайдалануу укугун токтотуу;
- Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплексинин курулушуна бөлүнгөн 15.64 гектар аянттагы жер участогун Курманжан Датка атындагы коомдук Кайрымдуулук фондунун балансынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүп берүү;
- Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплекстин идеясын, аталышын жана долбоорун сактоо менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин Шаар куруу кеңеши тарабынан бекитилген объектилердин курулушун камсыз кылуу.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|