Редакцияот 11.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 11-июну № 4141-V

«2014-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлгаи Кыргыз Республикасы менен Евразии өнүктүрүү банкыныи ортосундагы Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну paтификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 29-апрелиндеги № 242 токтому) «Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2.  Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети (К.К. Иманалиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү cунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

  Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров