Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели № 242
“Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду жүргүзүү максатында жана “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- “Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруучусуна белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|