Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 26-декабры № 854-IV
Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк кризистин
тийгизген таасирин жумшартуу боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө
Дүйнөлүк каржы кризисинин өлкөдөгү экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизиши мүмкүн болгон таасирин жокко чыгаруу жана жумшартуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк кризистин тийгизген таасирин жумшартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргелешип Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине төмөнкү сунуштарды киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылынсын:
- бүтүп бара жаткан инвестициялык долбоорлордо иштеп жаткан каражаттарды экономикага кайра каржылоонун мүмкүнчүлүгү жөнүндө же жаңы инвестицияларды, кредиттик акцияларды ачуу тууралу Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Кытайдын өнүктүрүү банкы, Мамлекеттер аралык банк, Европа банкы жана башкалар менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө;
- банк салымдарын ишенимдүү коргоону камсыз кылуу боюнча, анын ичинде "Банк салымдарын (депозиттерин) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктуна ылайык кепилдик учур болгондо ар бир салымчыга төлөнүп берилүүчү компенсациянын өлчөмүн олуттуу көбөйтүү жана Депозиттерди коргоо фондун түзүүнүн мөөнөтүн эки жылдан 2009-жылдын 1-апрелине чейин кыскартуу тууралу мыйзам чыгаруу мүнөзүндөгү кошумча чаралар жөнүндө;
- 2008-жылдын 4-августундагы № 183 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында агроөнөр жай комплексине колдоо көрсөтүү, ошондой эле экономикалык иштин курулуш, транспорт жана башка чөйрөлөрүнө алардын ишинде керектөө талаптарынын төмөндөп кетүү менен үзгүлтүккө учурашына жол бербөө үчүн колдоо көрсөтүү каражаттарынын кошумча булактарын издеп табуу боюнча чаралар жөнүндө;
- экономиканы жана социалдык чөйрөнү каржылоо үчүн фонд механизмдерин, анын ичинде узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар менен корпоративдик облигациялардын көлөмүн кеңейтүү жолу менен өнүктүрүү жөнүндө, республиканын фонд рыногунда нарктуулукту колдоо үчүн стратегиялык компаниялардын мамлекетке тиешелүү акцияларынын пакетинин бир бөлүгүн ички инвесторлорго сатуу тууралу;
- камсыздандыруу компаниялары тарабынан чет өлкөлүк камсыздандыруу компанияларына жөнөтүлүүчү акча каражаттарынын чыгып кетишин азайтуу максатында "Мамлекет катышкан улуттук кошумча камсыздандыруу уюмун түзүү жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана парламентке киргизүү тууралу;
- мамлекеттик каржынын туруктуулугун камсыз кылуу жана калктын жакыр катмарларын социалдык коргоо жөнүндө;
- 2009-жылда бюджеттин төлөө тең салмактуулугуна колдоо көрсөтүү жана азык-түлүк рыногунда баалардын кескин жогорулашына жол бербөө үчүн эл аралык каржы институттарынан жеңилдик шарттарда тышкы карыз алууларды көбөйтүү жөнүндө;
- иш жүзүндө жана каржы-банк секторлорунда тышкы таасирдин факторлорун ооздуктоо үчүн Кыргыз Республикасына турукташтыруу заемун берүү боюнча Кытай Эл Республикасы менен макулдашуу түзүүнүн мүмкүнчүлүгү жөнүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана акционердик-коммерциялык банктарга төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- банктарда нарктуулукту колдоо, көзөмөлдүк милдеттерди күчөтүү боюнча чараларды көрүү;
- натыйжалуу кредиттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуу, ички кредиттик рынокту (айыл чарбасы, турак жайга ипотека) жөнгө салуу, кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды негизсиз жогорулатуунун фактыларына жол бербөө, мунун өзү иш жүзүндөгү сектордо жүгүртүү каражаттарынын тартыштыгына, өндүрүштүн төмөндөшүнө, бюджетке киреше түшүүлөрдүн кыскарышына алып келиши мүмкүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|