Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 25-февралы № 107
Кыргыз Республикасынын Айыл жерлеринде тамак-аш
жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга
чейинки чаралар пакети жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Айыл жерин 2010-жылга чейин комплекстүү өнүктүрүү" улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Айыл жерлеринде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки чаралар пакети бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Айыл жерлеринде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки чаралар пакетин өз учурунда жана толук ишке ашырууну камсыз кылышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев
|
|
|