ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-февралындагы № 107 «Кыргыз Республикасынын Айыл жерлеринде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки чаралар пакети жөнүндө» токтому

Редакция25.02.2005 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2005-жылдын 25-февралы № 107

Кыргыз Республикасынын Айыл жерлеринде тамак-аш

жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга

чейинки чаралар пакети жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Айыл жерин 2010-жылга чейин комплекстүү өнүктүрүү" улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Айыл жерлеринде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки чаралар пакети бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Айыл жерлеринде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки чаралар пакетин өз учурунда жана толук ишке ашырууну камсыз кылышсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Н.Танаев