КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 13-ноябры № 739-IV
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик
жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 31-июлундагы № 409 токтом) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлсүн.
Төрага |
А.Тагаев
|