Редакцияот 21.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 21-майы № 4047-V

"2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун - ЕDSF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы "Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо" долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоолор жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 11-мартындагы № 122 токтому) "2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун - ЕDSF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы "Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо" долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоолор жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети (К.К.Иманалиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А.Жээнбеков