Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-марты № 122
«2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун-EDCF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы «Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо» долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоолор жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык Өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун-EDCF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы «Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо» долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоолор жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун-EDCF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы «Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо» долбоору боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
1-берене
2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун- EDCF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы «Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо» долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоолор жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Корея Экспорттук-Импорттук банкына билдирсин.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|