Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-майы № 4050-V
"2013-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № TF013310) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 10-апрелиндеги № 207 токтому) "2013-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № TF013310) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага |
А.Жээнбеков
|