Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-апрели № 207
“2013-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол
коюлган Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № TF013310) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- “2013-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № TF013310) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № TF013310) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри жана Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
“2013-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № TF013310) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына билдирсин.
3-берене.
Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 207 токтому менен жактырылган |
1. Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № TF013310) (мындан ары – Гранттык макулдашуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүү маселеси боюнча:
Гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Коснтитуциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
2. Гранттык макулдашууну ратификациялоонун натыйжасында мүмкүн болуучу финансы-экономикалык жана башка кесепеттер тууралуу маселеси боюнча:
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 11000000 (он бир миллион) АКШ доллары суммасында грант берет.
“Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Гранттык макулдашуунун долбоору, ага кол коюлганга чейин, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети тарабынан жактырылган (Комитеттин 2013-жылдын 9-сентябрындагы чечими, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин 2013-жылдын 3-сентябрындагы чечими, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 2013-жылдын 10-сентябрындагы чечими, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 203-б буйругу менен жактырылган.
Долбоордун аткаруучу агенти болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эсептелет.
“Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун” пилоттук долбоорунун алкагында каражаттардын 80 пайызын 22 аймактык (райондук) ооруканага жана кичи шаарлардын ооруканаларына багыттоо пландалууда. Долбоордун каражаттары төрөт үйлөрүн, балдар бөлүмүн жана балдар реанимациясын оңдоого, жабдууларды жана шаймандарды, реактивдерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга, ооруканалардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жана балдар менен төрөөчү аялдарды дары-дармектер менен камсыз кылууну жакшыртууга сарпталышы мүмкүн. Ошондой эле Пилоттук долбоордун алкагында маалыматтык тутумдарды жакшыртуу, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жүргүзүү тутумун түзүү, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана уюмдарынын потенциалын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна техникалык жардам берүү пландаштырылууда.