Редакцияот 21.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 21-майы № 4051-V

"2013-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № TF013310) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 10-апрелиндеги № 207 токтому) "2013-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № TF013310) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков