Редакцияот 28.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 28-майы № 4071-V

"2014-жылдын 17-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭКтин (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 14-апрелиндеги № 213 токтому) "2014-жылдын 17-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭКтин (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков