Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-апрели № 213
“Бишкек шаарында 2014-жылдын 17-январында кол коюлган,
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭКтин (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- “Бишкек шаарында 2014-жылдын 17-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭКтин (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2014-жылдын 17-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭКтин (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Бишкек шаарында 2014-жылдын 17-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо (Атайын операциялар) (БАРЭКтин (Бишкек-Ош автожолу) 3-коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, 4-фаза) жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|