Редакцияот 28.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 28-майы № 4072-V

"2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автомобиль жолун реконструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 20-декабрындагы № 693 токтому) "2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автомобиль жолун реконструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков