Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-январы № 911-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын
12-декабрындагы № 823-IV токтому менен түзүлгөн суу
чарба объекттерин куруунун программасынын ишке
ашырылышын, ошондой эле 2006-жылдан тартып 2008-жылга
чейинки мезгилде бөлүнүп берилген каржы каражаттарын
өздөштүрүүнү иликтөө жана текшерүү боюнча убактылуу
депутаттык комиссиянын иш-чараларынын планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-декабрындагы № 823-IV токтому менен түзүлгөн суу чарба объекттерин куруунун программасынын ишке ашырылышын, ошондой эле 2006-жылдан тартып 2008-жылга чейинки мезгилде бөлүнүп берилген каржы каражаттарын өздөштүрүүнү иликтөө жана текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иш-чараларынын планын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-декабрындагы № 823-IV токтому менен түзүлгөн суу чарба объекттерин куруунун программасынын ишке ашырылышын, ошондой эле 2006-жылдан тартып 2008-жылга чейинки мезгилде бөлүнүп берилген каржы каражаттарын өздөштүрүүнү иликтөө жана текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иш-чараларынын планы жактырылсын (тиркелет).
2. Иш-чаралардын планына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн маселени иликтөө боюнча иш убактылуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 22-январындагы № 911-IV токтомуна тиркеме
|
┌─┬────────────────────────────────────────┬──────────┬───────────────┐
│№│ Маселенин мазмуну │ Аткаруучу│Аткаруу мөөнөтү│
├─┼────────────────────────────────────────┼──────────┼───────────────┤
│1│Убактылуу депутаттык комиссиянын │депутаттык│ 2009-жылдын │
│ │уюштуруу кеңешмесинде төмөнкү │комиссия │ 26-январына │
│ │маселелерди кароо: │ │ чейин │
│ │- убактылуу депутаттык комиссиянын │ │ │
│ │ төрагасын жана катчысын шайлоо; │ │ │
│ │- бул комиссияны түзүү жөнүндөгү │ │ │
│ │ 2008-жылдын 12-декабрындагы № 823-IV │ │ │
│ │ токтомдун 3-пунктуна ылайык убактылуу │ │ │
│ │ депутаттык комиссиянын алдында жумушчу│ │ │
│ │ тобун түзүү; │ │ │
│ │- бул маселени иликтөө боюнча убактылуу │ │ │
│ │ депутаттык комиссиянын эскерткичин │ │ │
│ │ иштеп чыгуу; │ │ │
│ │- убактылуу депутаттык комиссия менен │ │ │
│ │ жумушчу топтун ортосунда милдеттерди │ │ │
│ │ бөлүштүрүү; │ │ │
│ │- бул маселени иликтөө боюнча ишти │ │ │
│ │ иштелип чыккан эскерткичтин негизинде │ │ │
│ │ жүргүзүү │ │ │
├─┼────────────────────────────────────────┼──────────┼───────────────┤
│2│Иликтөөнүн жана текшерүүнүн жыйынтыгы │депутаттык│2009-жылдын │
│ │боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын │комиссия │23-февралы │
│ │маалыматын даярдоо │жана │ │
│ │ │жумушчу │ │
│ │ │топ │ │
├─┼────────────────────────────────────────┼──────────┼───────────────┤
│3│Комиссиянын кезектеги жыйналышында бул │депутаттык│2009-жылдын │
│ │маселе боюнча убактылуу депутаттык │комиссия │2-марты │
│ │комиссиянын маалыматын талкуулоо │ │ │
├─┼────────────────────────────────────────┼──────────┼───────────────┤
│4│Убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин │депутаттык│2009-жылдын │
│ │жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын │комиссия │13-марты │
│ │Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун │ │ │
│ │даярдоо жана аны Жогорку Кеңештин │ │ │
│ │кароосуна киргизүү │ │ │
└─┴────────────────────────────────────────┴──────────┴───────────────┘