КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-январы № 913-IV
2009-жылдын 23-январына Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2009-жылдын 23-январына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы А.С.Кененсариевдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Ж.Ж.Тогойбаевдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Тарыхый Ата мекенине кайтып келген кыргыз этносундагылардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга болгон укугун караган "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын 2007-жылдан тартып 2008-жылдын 1-октябрына чейинки мезгилдеги иши жөнүндө маалымат.
Төрага | А.Тагаев
|