ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 23-январындагы № 913-IV «2009-жылдын 23-январына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция23.01.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 23-январы № 913-IV

2009-жылдын 23-январына Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2009-жылдын 23-январына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:

"Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы А.С.Кененсариевдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Ж.Ж.Тогойбаевдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

"Тарыхый Ата мекенине кайтып келген кыргыз этносундагылардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга болгон укугун караган "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын 2007-жылдан тартып 2008-жылдын 1-октябрына чейинки мезгилдеги иши жөнүндө маалымат.

 

Төрага

А.Тагаев