Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5057-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-октябры № 4340-V
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда аталган беренесине карама-каршы келбеген бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин талапкерлиги жактырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун тогузунчу абзацындагы "Суранчиев Абдулда Шергазиевич" деген сөздөр "Турганбаев Мелис Токтомамбетович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |